Воскресенье, 19 мая

ИИМ: Чек арада абал туруктуу

0

ИИМдин 8-майга карата берген маалыматына ылайык, Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы аймактарында абал туруктуу, чек аралаш жайгашкан айылдар милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

Ушу тапта бир жума мурун чыр чыккан жерде ИИМдин атайын даярдыктагы «Шер» жана УКМКнын Чек ара кызматынын «Бөрү» отряддары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

«Мындан тышкары, Бишкек, Ош шаарлары менен Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарынан келген ыкчам тергөө топтору иштөөдө. Азыркы тапта тажик тараптын курал колдонгону боюнча далилдерди чогултуп, келтирилген зыянды тактоо иштерин аткарган 52 топ бар», — деп айтылат маалыматта.

Муну менен бирге милиция кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп жатат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз