Суббота, 21 сентября

Сутка ичинде коронавирус 379 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 379 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, Бишкекте – 240, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 103, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда 5 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 304 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 191, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 75, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда — 7 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 703 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 542 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 152 бейтаптын абалы орто оордукта, 447 адамдын абалы оор жана 95 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 33 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 92 миң 120 киши айыгып чыкса, 1 миң 667 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз