Суббота, 21 сентября

Сутка ичинде коронавирус 416 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 416 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 246, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 110, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 15, Баткен облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 308 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 202, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 77, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 14 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1 жана Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 653 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 514 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 130 бейтаптын абалы орто оордукта, 437 адамдын абалы оор жана 83 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 98 миң 79 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 91 миң 267 киши айыгып чыкса, 1 миң 649 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз