Воскресенье, 19 мая

Сутка ичинде коронавирус 259 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 259 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 161, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 44, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 14, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 10 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 284 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 194, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 2, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 694 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 435 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 151 бейтаптын абалы орто оордукта, 431 адамдын абалы оор жана 94 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 100 миң 732 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 93 миң 886 киши айыгып чыкса, 1 миң 711 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз