Пятница, 22 ноября

Чек арадагы кармалган кыргыз жарандары кайтарылды

0

Чек арада кармалган кыргыз жана тажик жарандары бошотулду, — деп билдирет облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары бүгүн эртең менен Ак-Сай айылынан үч тажик жаранын кармашкан. Жергиликтүү тургундар тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүргөндүгүнүн себебин тактоо максатында милицияга өткөрүп беришкен.

Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан.

Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жеринде жолугуп, сүйлөшүүлөр жүргүзүү боюнча тапшырма беришти.

Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, эл менен бирге макулдашылып, эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулду.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, тажик жарандары кармап алган кыргыз жарандарынын сабалганы айтылып, ооруканага жөнөтүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз