Суббота, 21 сентября

Израиль Газаны бомбалоону улантууда

0

Израилдин согуштук учактары кайрадан Газа тилкесине кол салуусун улантууда. Кол салуудан жаракат алгандардын болгону кабарланды.

Израиль армиясы курчоодо калган Газа тилкесине кол салууда үйлөрдү, айдоо жерлерин жана палестиналык каршылык көрсөтүү топторунун позицияларын бутага алды.

Согуш учактары Жибалиядагы качкындар лагериндеги Шухеда аянтын дагы бомбалады. Кол салуудан жаракат алгандар болду жана инфраструктура дагы катуу кыйроого учурады.

Газанын түштүгүндөгү Шейх Аклин аймагындагы айыл чарба талаасын жана бош машинаны бутага алган Израилдин согуштук учактары, Газанын түштүгүндөгү Рефах жана Дейр ал-Белахтагы палестиналык каршылык көрсөтүү топторунун үч турумун бомбалады.

Израиль армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Нусайрат качкындар лагериндеги айыл чарба жерлерине да абадан сокку урууда.

10-майдан бери Израилдин Газа тилкесине кол салууларынан 227 адам шейит болуп, анын 64ү балдар жана 1620 адам жаракат алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз