Воскресенье, 19 мая

Парламент Баткен облусуна өзгөчө макам берүү мыйзам долбоорун колдоду

0

Кечээ, 27-майдагы парламенттин жыйынында Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында баяндама жасаган министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев мыйзам долбоору аркылуу Баткен облусунда ыкчам чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүүнү жогорулатуу, калктын жашоосун жакшыртуу, ишкерчиликти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, калктын жумуштуулук деңгээлин арттыруу, региондун жана мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратуучу деструктивдүү факторлорго бөгөт коюу үчүн Баткен облусуна өзгөчө макам берүү сунушталып жатканын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз