Воскресенье, 19 мая

Кыргызстанга Казакстандын ТИМ башчысы келди

0

Казакстандын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди 28-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, сапар алкагында эки өлкө ортосундагы соодага байланыштуу тоскоолдуктарды жоюу, жүк ташуучу автоунааларды өткөрүүдөгү маселелерди чечүү өңдүү экономикалык кызматташтыктар талкууланат.

Тлеубердинин сапары кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде Казакстанга кирүү үчүн ондогон жүк автоунааларынын тыгыны жаралган учурга туш келди. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 27-майда мындай узун тыгындын пайда болушун экономика жанданып, оор жүк ташыган автоунаалардын көбөйгөнүнө байланыштырган.

Тлеуберди Кыргызстанда эки күн болуп, президент, Жогорку Кеңештин төрагасы жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз