Пятница, 22 ноября

Жарандык да сатылуудабы?

0

Жарандык берүүгө байланыштуу маселелерде коррупциялык көрүнүштөргө арыздангандар көбөйгөнү, ортомчулук менен алек болуп жарандыкты бизнеске айландыргандар арбын. Мындай маалыматты Президенттик администрациянын Жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгы таратты.

Маалыматта, «Акыркы учурларда жарандык берүү, атуулдукту калыбына келтирүү, КМШ өлкөлөрүнөн, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келгендерди туруктуу жашоо үчүн Кыргызстандын жарандыгына кабыл алууда ортомчулук менен алектенгендер тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө, алдоого кабылгандардан даттануулар түшүп жатат. Ошондуктан бул багытта сак болууга чакырабыз”, — деп айтылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз