Пятница, 26 апреля

Ташиев: Кумтөрдү тоногондордун арасында мурдагы президенттер да бар

0

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эгер мурдагы президенттердин коррупциялык ишке барганы далилденсе мамлекеттин келечеги үчүн эч кимди аябай турганын эскертти. «Кумтөр» кени боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында мурдагы президенттер камалышы мүмкүн экенин эскертти.

«Кумтөр» кени боюнча эч кандай саясий куугунтук жок экенин айткан Ташиев, «Кимдин тиешеси болсо кыргыз элинин алдында жазага тартууга милдеттүүбүз. Биз ошол милдетибизди аткарып жатабыз. Ал жерде мурдагы премьер-министрлер, спикерлер, депутаттар, мамлекеттик чоң кызматта иштегендер бар. Керек болсо мурунку президенттерди дагы жоопко тартышыбыз мүмкүн. Себеби алардын да түздөн-түз тиешеси бар. Кумтөр кенин акыркы 25 жылда талап-тоноп, анын айланасында чиновниктер марионетка болуп калганын элибиз көрдү. Мындан ары эми андай болбойт», — деди.

УКМКнын төрагасы эгер коррупциялык ишке барган болсо мамлекеттин келечеги үчүн эч кимди аябай турганын айтты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз