Четверг, 25 апреля

АКШда эмдөөдөн өткөн жарандарга курал-жарак таратылат

0

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Батыш Виржиния штатында вакцинага үндөө максатында уюштурулган иш чарага сыйлык катары курал таратылат.

Батыш Виржиниянын губернатору Жим Жастис, Аталардын күнүндө өтө турган жана 1 миллион долларлык сыйлыкты камтыган вакцинаны жайылтуу боюнча лотереяда катышуучуларга билим берүү стипендиясы, атайын жабдылган жүк ташуучу унаалар, штат парктарына акысыз кирүү, аңчылык жана балык уулоо лицензиялары менен бирге курал-жарак таратыла турганын айтты.

Акцияга катышкандарга 5 аңчылык мылтыгы жана 5 атайын насос мылтыгы берилет.

Америкада вакцина алууга үндөө максатында көптөгөн сыйлыктуу өнөктүктөр уюштурулууда.

Экинчи жагынан, коронавирустун Индия вариантынын АКШдагы учурлар арасындагы катышы 7 пайызга көбөйдү.

Индия варианты деп аталган B.1.617.2 варианты май айынын башында жаңы учурлардын 1 пайызын гана түзсө азыр кескин өстү.

Бирок АКШлык жетекчилер бул вариантка Moderna жана Pfizer-BioNTech вакциналары тоскоол болот деп ишенишет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз