Пятница, 18 июня

Салык кызматы текшерүүлөрдү баштайт

0

Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматы 1-июлдан тарта пландык текшерүүнү баштайт. Бул тууралуу аталган кызмат билдирүү жасады.

Салык кызматы тараткан маалыматка ылайык, буга чейин пандемиядан улам текшерүүлөргө чектөө киргизилген. Чектөөлөр 2021-жылдын 1-январынан баштап алынган. Бирок кийин 6 айга пландык текшерүүгө чектөө коюу узартылган.

“Азырынча ал чектөө дагы узартылары тууралуу маалымат жок”, – деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз