Четверг, 25 апреля

Израиль палестиналыктардын үйлөрүн бузууда

0

Израиль аскерлери басып алынган Батыш Шериа аймагында 25 палестиналыкты үй-жайсыз калтырды. Рамаллахтын чыгыш тарабындагы Муаррекет аймагындагы палестиналыктарга таандык конуш Израиль армиясы тарабынан талкаланды.

Үйлөрү талкаланган палестиналыктардын бири Авде аль-Кабне: «Алар бизди бүтүрүштү, биздин кийимдерибизден башка эч нерсе калган жок», — деди.

Көпчүлүгү балдар болгон  4 палестиналык үй-бүлөдөгү 25 адамдын үй-жайсыз калгандыгын айткан Кабне: «Азыр алардын бардыгы ачык жерде, үй-жайсыз», — деп айтты.

Кабне, бир нече күн мурун Израилдин аскерлери аймакка келип видеого тартканын, бүгүн болсо алар курган бардык нерселерди талкалап, мүлкүн конфискациялаганын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз