Суббота, 20 апреля

Өкмөт айрым айыл чарба продуктыларын тышкары сатууга тыюу салууну сунуштады

0

Кыргызстандагы айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ЕАЭБ биримдигинен тышкары жарым жылга сатууга тыюу салуу боюнча токтом долбоору талкууга коюлду.

Документте чектөө быйылкы жылдын 8-июлунан тартып киргизилери айтылган.

Бул демилге Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине таандык.

«Токтом долбоору Кыргызстандын ички азык-түлүк рыногунда абалды турукташтыруу, айыл чарба товарларынын опурталдуу жетишсиздигин жана алардын бааларынын жогорулашын болтурбоо максатын көздөйт», — деп айтылат маалыматта.

Сыртка чыгарылбасын деген азыктар менен продукциялардын тизмеси:

буудай жана меслин;

жүгөрү;

арпа;

күрүч;

буудай уну;

өсүмдүк майы;

кумшекер;

жумуртка;

тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту).

Мындай кадамга барууга өкмөт бир нече себеп бар экенин айтты:

Казакстан тарабынан тирүү малдын экспортуна чектөөлөрдү коюу, Өзбекстанда мал чарбасын өнүктүрүү программасын ишке киргизүү менен байланыштуу жана мал жандыктарын өлкөнүн аймагынан массалык түрдө чыгарылгандыгы байкалган;

Кыргызстанда малды сырттан алып келүү кыскарган;

2020-жылдын жазгы-күзгү талаа иштерин жүргүзүү жыйынтыгы менен айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттары азайып, айрым айыл чарба продукцияларынын өндүрүшү төмөндөгөн. Анын кесепетинен ички азык-түлүк рыногунда жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба товарларынын баасы 60-70 пайызга өсүп кеткен;

кыш мезгилинде кардын аз жаашы, жаздын кеч келиши 2021-жылдын жазгы талаа жумуштарынын айрым технологиялык процесстерин бузду. Кыргызметеорология кызматы жайдын кургакчыл болушун билдирүүдө. Айыл чарба өндүрүшүнө бул терс таасир берет;

коронавирус пандемиясынын күтүлүп жаткан толкунунун коркунучу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч алып келиши мүмкүн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз