Суббота, 27 апреля

Түркияда Айтматов борбору ачылат

0

Түркияда Чынгыз Айтматов атындагы маданий борбор ачылат. Бул тууралуу «Биринчи радионун” түз эфиринде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапарынын алкагында маданият министрлери Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча маданий иш-чараларды өткөрүү маселесин талкуулашты.

«Түркияда улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун, ал эми Кыргызстанда түрк дүйнөсүнүн даанышман, ойчул акыны Юнус Эмренин маданий борборлору ачылат. Түркия мамлекети менен маданий байланыштарыбыз терең. Биздин башатыбызды жалпы түрк элдерине жана түрк тилдүү мамлекеттерге тийиштүү орток мурастарыбыз бириктирип турат. Ошондуктан маданий борборлорду ачуунун максаты — эки элдин адабиятын таанытуу жана ал аркылуу коомду тарбиялоого, руханий азык тартуулоого түрткү берүү болуп саналат», — деди Кайрат Иманалиев.

Ошондой эле, Иманалиев ушул сыяктуу борборлорду ачуунун алкагында Түркиянын кызматташтык жана координация боюнча агенттиги менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылына Махмуд Кашгари борборун куруу пландалып жатканын белгиледи. Улуу филолог жана түрколог ошол жерде туулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз