Суббота, 20 апреля

Сутка ичинде коронавирус 514 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 514 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында – 234, Ош шаарында – 110, Чүй облусу – 80, Ош облусу – 34, Талас облусу – 5, Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 14, Жалал-Абад облусу – 13, Баткен облусу – 17 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 367 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 188, Ош шаарында – 40, Чүй облусу – 62, Ош облусу – 22, Талас облусу – 2, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусу – 25, Жалал-Абад облусу – 20, Баткен облусу – 3 адам», — дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 52 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 80 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 367 бейтаптын абалы орто оордукта, 563 адамдын абалы оор жана 100 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 111 миң 343 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 103 миң 257 киши айыгып чыкса, 1 миң 905 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз