Кечээ, 28-июнда Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар баштаган делегация Кыргызстанга келди. Бул расмий иш сапар тууралуу Түркиянын жана Кыргызстандын Коргоо министрликтери кабарлашты.
28-29-июнга белгиленген бул сапардын алкагында Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен эки тараптуу жолугушуу өтөрү кабарланды. Анда эки өлкөнүн коргоо мекемелеринин ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө маселелер талкууланат.
Ошондой эле Акар “Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барат.
Буга чейин Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам бере турганы кабарланган. Бул маселе президент Садыр Жапаровдун 9-июндагы Анкара сапарынын алкагында макулдашылганын тышкы иштер Руслан Казакбаев билдирген. Бирок анда Анкара аскердик тармакта кандай жардам көрсөтө турганы так айтылган эмес.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин көпчүлүк кыргыз бийлигин Түркиядан аскердик жардам алууга үндөп келген.