Вторник, 23 апреля

Түркиянын жарандарына Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берген жетекчи кармалды

0

Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы төрагасы С.Д. камакка алынды. Жалпыга маалымдоо каражаттары ал Дүйшөн Сатыбалдиев экенин жазды. Анын инициалдары милиция тараткан С.Д. аттуу жаранга туура келет.

Ал Түркиянын жарандарына Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берүү боюнча түзүлгөн коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп шек саналууда. Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматы ишти кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен териштирип жатат. Кармалган шектүү шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 10-июлда 2016-жылы Түркиянын он жараны Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынып, аларга паспорттор мыйзамсыз берилгенин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз