Понедельник, 13 мая

Токиого барчу спорчуларыбыздын кийимине сын көп (Фото)

0

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы менен жолукту. Марипов, спортчуларга ийгилик каалап Кыргызстандын курама командасынын капитаны Атабек Азисбековго Кыргызстандын желегин тапшырды.

Жайкы Олимпиадага 18 кыргызстандык спортчу жолдомо алган. Алар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет Кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Роман Петров, Бакдөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова жана Денис Петрашов.

Олимпиадага катыша турган спортчулар министр менен жолугушууга параддык кийим кийип барышты. Социалдык тармакта спортчулардын Жайкы Олимпиаданын ачылуу аземине кие турган параддык кийими талкуу жаратты.

Төрт жылда бир уюштурулчу эл аралык спорт мелдеши 2020-жылы коронавирустан улам өтпөй калган жана 2021-жылга жылдырылган. Олимп оюндары Токиодо 23-июлдан 8-августка чейин өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз