Суббота, 18 мая

Инанды: “Мени эч ким кыйнаган жок” (Видео)

0

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды Бишкектен колго түшүрүлүп Түркияга алынып барылгандан кийин кыйноого кабылган эмес. Бул тууралуу Инандынын жактоочусу Халил Ибрагим Йылмаз массалык маалымат каражаттарына айтып берди. Буга чейин бир катар басылмалар, өзгөчө Гүлен тобуна тиешелүү маалымат каражаттары Орхан Инанды кыйноого кабылды деп жазып чыгышкан.

“Мен Коопсуздук кызматы, прокуратура жана сотто көрсөтмө берип жатканда катыштым”-деген жактоочу Халил Ибрагим Йылмаз, Инанды тергөөчүгө Кыргызстанда “Сапат” мектептерин кандайчы уюштурганын, кимден акча алганын айтып бергенин тастыктады. Жактоочу, Инандынын көрсөтмөлөрү 89 барак болгонун да кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз