Казакстан коронавируска каршы шашылыш чараларды көрүүдө

0

Казакстанда коронавирустун дагы көп жайылышына тоскоол болуу үчүн өкмөт шашылыш аракетке өттү.

Президент Касым Жомарт Токаев өкмөт мүчөлөрү жана облустун губернаторлору менен учурдагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында Токаев акыркы мезгилде күнүмдүк бейтап саны ылдам көбөйүп, 5 миңден ашканын айтты.

Оор категориядагы бейтаптардын саны көбөйгөндүгүн белгилеген Токаев: «Бул кырдаалдын тынчсыздандыруучу экендигин ачык айтышыбыз керек»,-  деди.

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырбай жаткандыгын белгилеген Токаев  өкмөткө зарыл чараларды көрүү үчүн шашылыш аракетке өтүү тапшырмасын берди.

Буга ылайык, өкмөт эмдөөдөн артта калган аймактарга жетүү үчүн алгач мобилдик топторду түзөт. Вакцинага каршы тургандардын социологиялык портреттери даярдалат. Соода борборлорунда, кафе-ресторандарда керектүү чаралар көрүлөт. Сентябрь айында чыгарыла баштай турган ата мекендик QazVak вакцинасын жайылтуу үчүнчү өлкөлөргө багытталат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде 5 миң 317  бейтап аныкталган өлкөдө, бейтаптардын  саны 500 миңге жакындады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз