Понедельник, 20 мая

Кыргызстанда бүгүн коронавирус дагы 1102 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 1 миң 102 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 827, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 65, Ош облусунда – 24, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 55, Жалал-Абад облусунда – 20, Баткен облусунда – 80 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 213 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 813, Ош шаарында – 84, Чүй облусунда – 122, Ош облусунда – 25, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 63, Баткен облусунда – 88 бейтап айыгып чыкты», — дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 3, Нарын облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 509 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 856 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 152 миң 709 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 128 миң 905 киши айыгып чыкса, 2 миң 205 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз