Понедельник, 6 мая

Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөө алды

0

Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода борборунда ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды. Өлкө башчысы андан кийин элге кайрылып, элди эмдөөдөн өтүүгө чакырып, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө керектигин айтты.

“Социалдык түйүндөрдө элге кайрылып “бул вакцина туура эмес. Элге зыян алып келет” дегендерге ишенбегиле. Аксакалдарга да кайрылам, элди антип адаштырбаңыздар. Вакцинаны эч ким кыйнап алдыртпайт. Ар бир адамдын жеке каалоосу менен болот”, — деди президент.

Ал ошондой эле, Кытай Кыргызстанга вакцинаны бекер бергени, Кыргызстандын калкынын 70% эмдөөдөн өтпөсө алака-катыш болбой турганы тууралуу жалган маалыматтар тарап жатканын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз