Воскресенье, 19 мая

Сутка ичинде коронавирус 1127 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус инфекциясы  1 миң 127 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. Вирус жуктургандардын эң көбү Бишкек шаарында — 678 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 155 005 адамга жетти. Андан 132 138 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

Акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 10 бейтап көз жумду. Бишкекте беш, Чүй, Талас облустарында экиден, Жалал-Абадда бир киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 227 адамга жетти.

Ушул күндөрү 4 229 адам ооруканада дарыланууда. Алардын ичинен 243 бейтаптын абалы өтө оор, 1 186 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келатышат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 28 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 295 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын 5 533ү сакайды

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз