24-27-июль күндөрү аба ырайы адаттан тышкары ысыйт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°, Талас облусунун өрөөнүндө 37…39° чейин ысык болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;
Талас жергесинде түнкүсүн 15…20, күндүз 34…39;
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 21…26, күндүз 35…40;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;
Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 30…35;
Бийик тоолордо түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 23…25°, күндүз 38…40° градуска чейин ысыйт.
Республика боюнча шаршемби күндөн тарта абанын табы бираз азаят. Шаршемби жана бейшемби күндөрү жамгыр жаашы күтүлөт.