Воскресенье, 19 мая

Эмделди деген сертификатты онлайн алсаңыз болот

0

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык COVID-19га каршы эмдөө боюнча сертификатты жарандар онлайн режиминде төмөнкү жолдор менен ала алат:

алгач vc.emed.gov.kg расмий сайтындагы «Сертификат» бөлүмүнө кирүү керек;

КР жарандары персоналдык жеке номерин (ПИН), ID-картанын сериясын жана номерин терет;

чет элдиктер паспорттун номери менен аты-жөнүн жазат.

Сертификат PDF форматында жана индивидуалдуу берилген QR-код менен чыгарылат.

Министрлик электрондук сертификатты алуу үчүн электрондук кол тамга кереги жок экенин эскертти.

Буга чейин вакцина алгандыгы тууралуу сертификатты portal.tunduk.kg порталындагы «саламаттык сактоо» деген бөлүмү да көрсөтүп жаткан.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз