Четверг, 25 апреля

КРдин Москвадагы элчилигинде мушташ чыктыбы?

0

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы диломатиялык өкүлчүлүктүн имаратындагы мушташ тууралуу комментарий берди.

Бул тууралуу маалыматты 25-июль күнү Россиянын айрым ЖМКлары жазган. Элчиликтен билиришкендей, 24-июль күнү кыргызстандык аялга консулдук жардам көрсөтүлүп жатканда, аны менен чогуу келген эркек киши «кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес. Ошондон улам тараптар мушташа кетип, ал эркек консулдук бөлүмдөн күч колдонулуп сыртка чыгарылган».

Мындан соң ал КРдин ИИМинин Россиядагы өкүлчүлү жана полицияга өткөрүп берилген.

«Сөз болуп жаткан киши Россиянын жараны экени белгилүү болду. Ошол эле учурда маалыматтар базасы аркылуу анда Кыргызстандын паспорту дагы бар экени аныкталды. Анын өзүн кандай алып жүргөндүгүн кабылдамада кезек күтүп турган жарандар дагы көрүштү. Кабыл алып, кызмат көрсөтүп жаткан кызматкер ага караша тиешелүү чара кабыл алуусун өтүнүп укук коргоо органдарына арыз жазды», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле элчилик учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Эгер кызматкер тарабынан катачылык кеткени далилденсе, тиешелүү чара көрүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз