Пятница, 3 мая

Фейктерге каршы болгон мыйзам колдоо тапты

0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында 97 депутат “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алды. Долбоорго беш эл өкүлү каршы болду.

Мыйзам долбоорун Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген.

Ушул эле мыйзам долбоору мурда “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталып, бирок ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койгон эмес.

Быйыл, 2-июнда парламентте документтин макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам долбоору «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» деп өзгөртүлгөн жана парламенттен колдоо тапкан эмес.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз