Четверг, 2 мая

Жапаров: Ар бир бейтапка миң доллар сарпталууда

0

Президент Садыр Жапаров коронавирус менен ооруган бейтапты 14 күн дарылоо үчүн миң долларга чейин каражат сарпталып жатканын айтты. Өзүнүн социалдык баракчасынан элге кайрылган Садыр Жапаров, кыргызстандыктарды вакцина алууга чакырды. Президент Садыр Жапаровдун айтымында, акыркы мезгилде коронавирус жуктуруп, ооруканага түшкөндөрдүн дээрлик бардыгы вакцина албаган кишилер.

«Акыркы күндөрү ооруканага түшкөндөрдүн 100 пайызы вакцина албагандар болуп жатат. Бюджетибиз ансыз да эңшерилип турганда ого бетер оорчулук жаралууда. Жалпысынан 20 миллион долларга жакын каражатка вакцина алып келип жатабыз. Андан тышкары, бир бейтапты 14 күн дарылоо үчүн миң долларга чейин каражат сарпталууда», — деди Жапаров.

Мамлекет башчы эмдөөдөн өтпөгөндөр өзүнө эле эмес, жакындарына, кошуналарына жана мамлекетке чоң зыян келтирип жатканын кошумчалап, элден вакцина алууну суранды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз