Пятница, 19 апреля

Японияда күндүн табынан адамдар өлүүдө

0

Японияда күндү аптабынан улам акыркы бир жумада 23 адам каза болду. Өрт жана апаатты башкаруу агенттиги 19-25- июлду камтыган жумада ысыктан 8 122 адамдын ооруканага жаткырылгандыгын билдирди. Агенттик булардан 23нүн каза болгондугун, 3 миңден ашуун адамдын абалынын оор экендигин маалымдады.

Ооруканага жаткырылгандардын жарымынан көбүнүн 65 жаштан жогору, 2 627 адамдын 14-64 жаш арасы, 8 миңинин 17 жаш жана 17 жашка чейинкилер экендиги белгиленди.

Адистер ысыктыктын 28 градуска же нымдуулук 70 пайызга жетиши менен желдедүүчү аппараттарды иштетүүнү сунуш кылышууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз