Суббота, 11 мая

Президенттер С. Жээнбеков жана  В. Путиндин расмий жолугушуусу «Ала-Арча» резиденциясында болду

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болду.

Мамлекеттик резиденциядагы расмий жолугушууда эки өлкөнүн гимндери жаңырды, мамлекеттик желектер илинди.

Мамлекеттер башчылары Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын Ардактуу кароолу менен учурашышты, расмий делегациялардын мүчөлөрү менен танышышты.

Расмий азем Кыргызстан аскерлеринин салтанаттуу өтүүсү менен аяктады.

Андан соң эки мамлекеттердин башчылары чакан чөйрөдөгү жолугушуу өтүүчү бөлмөгө бет алышты.

Эске салсак, Россия Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, таң эртең менен Бишкекке келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Владимир Путинди Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз