Воскресенье, 28 апреля

Путиндин Кыргызстанга келиши эмне берди?

0

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга дээрлик 19 жылдан кийинки жасаган расмий иш-сапарына байланыштуу бир катар маселелер боюнча позицияларды аныктап алуу демилгелери көтөрүлдү.

Алардын катарында Орусия кызыгып келген кен-байлыктар, ошол эле Жогорку Нарын ГЭС каскады, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруудагы каршылыгы сыяктуу маселелер элдин назарына түштү. Бирок булар – Орусиядан такыр эле кол үзүү дегенди билдирбейт. Анткени Кыргызстандын млн.го жакын жараны ал жакта иштеп, млрд.даган сом каражаттарды салып жатканын эске алганда, Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү жакшы нукта улантуу керектиги да көңүл сыртында калган жок.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий иш сапар деген макам менен 2000-жылы келген болчу. Бирок ал ШКУ, ЖККУ сыяктуу Эл аралык уюмдардын саммиттери учурунда келип жүргөн. Ошентип Путин 19 жылдан кийин расмий иш сапар менен Кыргызстанга келди. Анын сапары 2 ай башта жарыяланып, даярдык иштери кызуу көрүлгөн. Ошол аралыкта Орусия Кыргызстандын Түштүгүнө аскердик алтынчы базасын курат деген маалыматтар көптөгөн талкууга жем таштаган. Эсиңиздерде болсо, Кыргызстанда Орусиянын 5 аскердик базасы бар:

Алардын эң чоңу – Канттагы аскер-аба базасы. Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигондору, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор.

Бирок мурда маалымдалгандай, бул жолу Түштүктө дагы аскердик база ачуу боюнча сүйлөшүү жүргөн жок. Ошентип Путиндин келиши менен Кыргызстан тарап Орусия менен бир топ маселелерди тактап алуусу керектиги боюнча маселелер көтөрүлдү. Алардын негизгилери Жогорку Нарын ГЭС Каскады, орус тарап кызыгып келген кен байлыктар жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга каршы болуп келүүсү.

Булар – Орусиядан такыр эле кол үзүү дегенге жатпайт. Анткени Кыргызстандын млн.го жакын жараны ал жакта иштеп, млрд.даган сом каражаттарды жөнөтүп жатканын эске алганда, Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү жакшы нукта улантуу керектиги да көңүл сыртында калган жок.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Эл аралык дипломатияны башка мамлекеттер менен жакшыртуунун үстүндө аракет кылганы менен Орусия аны колдон чыгарбоо аракетин көрүп келгени дагы деле байкалат. Бул – советтик заманда жашаган кыргызстандыктарга ыңгайлуу көрүнүш. Анткен менен Кытай, Америка, Европа сыяктуу чоң державалар Борбор Азия мамлекеттери Орусияга ыктаганын жакшы билишет.

Буга чейин Кыргызстан менен Орусиянын президенттери 30дай документке кол коеру кабарланып жаткан. Бирок 17 багыт боюнча кызматташууга жетишилди. Алардын орчундуусу: Канттагы аскердик базасынын макамы өзгөрүп, ижара акысынын дээрлик 300 миң долларга көтөрүлүшү болду. Андан сырткары, жаратылыш ресурстарын иштетүү үчүн Жерүй алтын кенине алдыдагы жыйырма жыл ичинде 600 млн. доллар инвестиция салуу, Орусия Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында 30 млн доллар бөлгөнү сыяктуу бир катар келишимдерге кол коюлду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз