Воскресенье, 28 апреля

Орхан Инанды “Билал” деген жашыруун атты колдонгон

0

Түркиянын Hurriyet басылмасы ФЕТО уюмунун Орто Азиядагы жетекчиси Орхан Инандынын тергөөдө айткан айрым сөздөрүн жарыялады. Инанды ФЕТО уюму АКШда президенттик жарышта жеңип чыккан Джо Байденден кандай үмүт кылгандары жөнүндө да айткан. Ага ылайык АКШда бийликке келген соң Джо Байден Түркия менен мамилесин Гүлен тобу күткөндөй бузган эмес.

Тергөөгө сурак берип жаткан Инанды ФЕТО уюмуна кандайча кошулганы жөнүндө да маалымат берген. Өзүнүн айтымында Инанды 1990-жылы Анкара университетин “Тарых” бөлүмүн бүтүргөн. ФЕТО менен алгачкы байланышы дал ошол университетке өткөн жылдардан баштап түзүлгөнүн мойнуна алган. Студенттик доорунда ФЕТОго тиешелүү болгон жатаканаларда жашаганын айткан Инанды, ошол жылдары “Билал” деген жашыруун атты колдонгон. Бул жатаканаларда ФЕТОнун жыйындарына катышканын мындайча айтат: “Ал жылдары Анкаранын “имамы” (ФЕТОнун Анкара шаарынан жооптуу кишиси) Исмаил Бүйүкчелебинин топко тиешелүү болгон Саманйолу Колледжинде өткөзчү маектерине катышканмын. Андан кийин Анкара “имамдыгына” Кемалеттин Өздемир дайындалды. Менин бул жыйындарга катышуума себепчи болгон Абдуллах Жан кийинчирээк Фетуллах Гүлендин жанында сабак ала баштады жана “имамдар” деп аталган Гүлендин эң жакын адамдарынын катарына кошулду” — деди.

Түркиянын чалгындоо кызматынын операциясынын натыйжасында Кыргызстандан чыгарылып, азыркы учурда Түркияда сурак берип жаткан Орхан Инандынын гүленчилердин арасында өтө маанилү бир сөз сүйлөгөнү белгилүү болду. Инанды Бишкекте өткөн гүленчилердин жыйынында АКШда бийликке келген Джо Байденге алгач үмүт артышканын, бирок керектүү колдоо таппаган соң андан көңүлдөрү калганын айткан. ФЕТОнун Орто Азиядагы төбөлү катары Түркияда жоопко тартылып жаткан Орхан Инандынын айтымында Гүлен тобу Байден жана анын командасынын бийликке келүүсүнөн аябай чоң үмүт арткандыгын, жадагалса бул үмүтү бир нече айга созулганын баса белгилеген.

Инанды, АКШ геосаясий кызыкчылыктарынан улам Түркия менен болгон мамилесин ФЕТО күткөн даражада бузбай турганын байкаганын билдирген. Инандынын айтымында мындай көрүнүш кылмыштуу топтун мүчөлөрү арасында таң калуу менен бирге коркуу сезимин жаратып, ФЕТО мындан ары эмне кылышын билбей калган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз