Воскресенье, 12 мая

Бир суткада коронавирустан 13 адам көз жумду

0

Кыргызстанда 29-июлга карата коронавирус дагы 930 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 528, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 142, Ош облусунда – 43, Талас облусунда – 16, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 57, Жалал-Абад облусунда – 67, Баткен облусунда – 56 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 460 адам илдеттен сакайды», — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 13 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 746 бейтап, амбулатордук түрдө 12 миң 164 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 161 миң 15 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 141 миң 499 киши айыгып чыкса, 2 миң 301 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз