Пятница, 17 мая

Бүгүн 958 кишиден коронавирус табылды

0

Республикалык штаб билдиргендей Кыргызстанда 30-июлга карата коронавирус дагы 958 адамдан аныкталды.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 574, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 128, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 78, Баткен облусунда – 57 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 485 адам илдеттен сакайды», — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 10 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 888 бейтап, амбулатордук түрдө 11 миң 483 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 161 миң 973 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 142 миң 984 киши айыгып чыкса, 2 миң 311 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз