Пятница, 17 мая

Бишкек-Каракол жолун сел алды

0

Ысык-Көлдө сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-июль күнү таңкы саат 04:30дар чамасында Балыкчы шаарында жана Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда, Кара-Тала, Оттук айылдарында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Селдин кесепетинен турак үйлөрдү суу каптап, ички чарбалык жолдор жана арыктар кум-шагылга толгон.

Азыркы учурда Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 15 куткаруучу 2 атайын техника жана Тоң районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 20 куткаруучу тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Жабыркагандар катталган жок.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз