Пятница, 3 мая

Адистер MegaCom канчага сатылаарын айтышты

0

Жогорку Кеңеш MegaCom компаниясын сатууга макул болду. Бардыгы болуп 82 депутат добуш берсе, анын 80и макул, экөө каршы болгон.

Эң күчтүү аларман азырынча улуттук банк экени айтылууда. Бийлик буга чейин MegaComдун 49 пайыздык акциясын 100 миллион долларга сатууга аракет кылган. Бул цифрага таянган айрым адистер, компаниянын 200 миллион доллардын айланасындагы баага сатылышы мүмкүн экенин айтышууда.

Депутаттар MegaCom компаниясынын 100 пайыз акциясынан сырткары үч банктагы мамлекеттик үлүштөрдү сатуу боюнча токтом долбоорун да жактырды. Алар «Кепилдик фондунун» 14,09 пайызы, «Керемет банктын» 0,74 пайызы, Евразиялык сактык банктын 76,56 пайызы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз