Пятница, 3 мая

Эрдоган: Бир эле учурда ондогон токойдо өрттүн чыгышы териштирилүүдө

0

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркиядагы өрттөлгөн токойлор боюнча иликтөөлөрдүн  уланып жаткандыгын айтты. Эрдоган: «Бир эле учурда өлкөбүздүн түрдүү аймактарында өрттүн чыгышы териштирилүүдө. Бул жерде кандай кол салуу болуп жатат, атайлап өрт койуу барбы, жокпу баары иликтенүүдө», — деди.

Өрттү өчүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдүн колдонулгандыгын айткан Эрдоган: «Бүгүндөн тарта учак саны 6га жетти. Бул учактардын арасында Россиядан, Украинадан алган учактар да бар. Азербайжан да бир учак жиберет. Учкучсуз учактар менен да аймактын абалын байкап жатабыз. 1140 пунктта токой өрттөрү менен күрөшүүдөбүз. Тилекке каршы 28-30-июлда 71 токойдо өрт чыкты. 57си көзөмөлгө алынды, 14 өрттү көзөмөлгө алуу аракети уланууда», — деди.

Эрдоган өрттөн жабыркаган эч бир жаран жалгыз калбай турганын, керектүү жардамдар көрсөтүлөөрүн баса белгиледи.

Буга чейин айрым адистер бир заматта ондогон токойдо өрт чыгышы саботаж же болбосо террордук кол салуу болушу мүмкүн экенин айтышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз