Ысык-Көлдө Каракол суусунун денгээли көтөрүлүүдө. Көлгө жакын жайгашкан турак үйлөрдү суу каптап кетүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу 27 турак үйдүн ээлерин коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлдү.
ӨКМнын маалыматына ылайык, Каракол суусунун жээгиндеги бак-дарактарды сел тамыры менен агызып кеткен жана 1 көпүрө авариялык абалда.
Абалды жөнгө салуу үчүн тартылган күч-каражаттар: Каракол шаардык ӨКБдан 20 куткаруучу жана 4 офицер, ИИМден 40 кызматкер, транспорт кызматынан 2 спринтер тартылган. Жалпы 2 техника 64 адам.
Каракол суусунун кооптуу тилкелерин аныктоо максатында 24 куткаруучу жана шаардык мэриянын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барылууда.
Каракол шаарынын аймагында жайгашкан “Ривер парк” эс алуучу жайын суу каптоодо. Каракол шаардык Жарандык коорго кызматтарынын инженердик техникалары иш алып баруу үчүн даярдалууда.