Понедельник, 25 ноября

Өзбек бийлиги италиялык дизайнерге сын айтты (Фото)

0

Өзбекстандын юстиция министрлиги Өзбекстанданы байрагы жана герби менен кооздолгон бут кийимдерди чыгарган Стефанно Риччи аттуу италиялык дизайнерге байланыштуу билдирүү таратты. Министрлик өлкөнүн герби жана байрагы ыйык экенин эскертип, мындай жорук Өзбекстандын байрагын жана гербин сыйлабагандык экенин эскертти. Билдирүүдө мамлекеттик герб коммерциялык максатта колдонула албастыгы баса белгиленди.

Мурдараак интернетте Стефанно Риччи аттуу италиан дизайнердин Өзбекстандын герби басылган бут кийимдердин коллекциясынын сүрөттөрү жарыяланган.

Кыргызстанда мамлекеттик герб басылган буюм-теримдер кеңкесири сатылып келет. Өзгөчө спирт ичимдиктеринин сыртына Кыргызстандын гербинин басылышы коомчулуктун нааразычылыгын туудурууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз