Суббота, 18 мая

Марс Сариев: Акаевдин айткандары көбүнүн бетин ачат

0

Белгилүү саясат таануучу Марс Сариев мурдагы президен Аскар Акаевдин Кыргызстанга келиши көп нерсенин жана көп кишинин бетин ачаарын айтты. Марс Сариевдин ою боюнча, Акаевдин айткандары коррупциялашкан элитанын жүзүн ачып, Садыр Жапаровдун саясаттагы позициясын бекемдейт, керек болсо күзгө болжолдонуп жаткан оппозициянын жүрүшүн ооздуктайт.

Сариев, Акаевдин айткандары 90-жылдардагы менчиктеширүү учурунда байыган олигархтардын коомчулук алдында жоопко тартылуусуна, скандалдарга, саясий толкундоолорго шарт түзөт деп эсептейт. Бирок Сариев, бул ызы-чуу бийликтин позициясын бекемдеп, позитивдүү саясий атаандаштыка түрткү болот деген ойдо.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз