Суббота, 4 мая

Кытайда селдин айынан жүздөгөн киши өлдү

0

Кытайдын Хнань провинциясында катуу жамгыр жаашы жол ачкан селде каза болгондордун саны 302ге жетти.

Синьхуанын кабарына караганда, Хнань  провинциясы өкмөтүнүн жетекчилери берген маалыматта селден улам Цингкоу шаарында 292 кишинин каза болгондугу белгиленди.

Жалпы провинцияда селдерден каза болгондордун саны 302ге жеткени билдирилип, селдерде дайынсыз жоголгон 50 адамдын изделип жаткандыгы маалымдалды.

Хнанда 17 —  июлдан тарта белгилүү аралыктар менен нөшөрлөп жааган жамгыр 20 – июлда селдин жүрүшүнө себеп болду.

Цингкоу шаарындагы метрону суу каптап, 14 адам каза болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз