Пятница, 22 ноября

ЖАМКнын орун басары кармалды (Фото, Видео)

0

ЖАМКнын орун басары кармалды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев коррупцияга шектелип кармалды. Анын үйүндө жана кызмат бөлмөсүндө тинтүү жүрдү. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ал соттолгон жарандарды мөөнөтүнөн мурда бошотуу, абактагы шарттарын жеңилдетүү, ошондой эле орто звенодогу жетекчилердин мыйзамсыз аракеттерин жаап-жашырып жүргөнү үчүн системалык түрдө акча алып турган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2-август күнү Нуралиевдин иш бөлмөсүн тинткенде 3500 доллар, 59 000 сом, уюлдук телефон жана майда калибрдеги курал чыккан.

Ал эми жашаган үйүн текшергенде ТТ үлгүсүндөгү тапанча жана жылмакай курал табылган. Аны менен катар абакта отурган соттолуучулар тарабынан жасалган стол, отургуч, кылыч, бычак, сандык, нарда сыяктуу буюмдар болгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Таалайбек Нуралиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз