Вторник, 16 апреля

Темир Сариев кармалды

0

УКМКнын маалымат кызматы, Кумтөр иши боюнча экс-премьер Т. Сариев кармалганын маадымдады.

“УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. Тергөө ишинин жыйынтыгына жана иш боюнча алынган далилдерге таянып, 2021-жылдын 3-августунда өлкөнүн мурдагы премьер-министри Темир Сариевди КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизүү чечими тергөө тарабынан кабыл алды” – деп айтылат билдиүүдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө, Т. Сариев экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта, Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталды. Т. Сариев камакка алынгандан кийин ведомстволор аралык тергөө тобу аны менен бирге тергөө иш аракеттерин улантышат, анын жыйынтыгында жакынкы 48 саатта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту бөгөт коюу чарасын тандоо маселесин карайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз