Пятница, 17 мая

Нигерияда барымтадагы кыздар үчүн 2,4 миллион төлөндү

0

Нигерияда жоочулдар уурдаган окуучулардын эркин койо берилиши үчүн 7 айда 2, 4 миллион доллар кун төлөндү.

Punch гезитинде жарыяланган кабарга караганда, улуттук коопсуздук отчетунда өлкөнүн оор коопсуздук маселелери менен бетме-бет экендиги  билдирилди.

Өткөн жылдын ноябрь айынан ушул жылдын май айына чейин өлкөнүн түндүк — батышында куралчан адамдар тарабынан беш башка кол салууда уурдалган окуучуларды бошотуу үчүн 2,4 миллион доллар кун төлөнгөндүгү билдирилди.

Нигерия өкмөтү бошотулган окуучулар үчүн кун төлөбөгөндүгүн жарыялаган.

Өлкөдө куралчан кишилердин мотоциклдерге кол салгандыктан  акыркы убактарда кээ бир штаттарда мотоцикл колдонууга тыюу салынган.

Өлкөнүн  Бенуэ, Плато, Кацина жана Замфара штаттарында бир нече жолу мектептерден окуучулар уурдалган.

Нигерияда мектептерге багытталган кол салуулардан улам кээ бир штаттарда билим берүү токтотулду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз