Пятница, 22 ноября

“Кыргызкөмүрдүн” жетекчиси кармалды

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевдин кармалганын билдирди. Жетекчи менен бирге “Кара-Кече” филиалынын эсепчиси да кармалып, экөө тең атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалдышты.

УКМКнын айтуусунда, кармалгандар Кара-Кечеден казылган көмүрдүн салмагын атайылап аз көрсөтүп, уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алышкан. Экспертизанын жыйынтыгы казылып алынган көмүрдүн көлөмү бир жылда 370 миң тоннага азайтылып, акчасы 600 миллион сомго аз көрсөтүлгөнүн аныктаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз