Понедельник, 20 мая

Эгемендүүлүк күнүндө Бишкекте аскер парады болот

0

Өкмөт 31-августта Бишкекте Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгы белгиленген күнү аскер парады жана эмгекчилердин парады болоорун маалымдады.

Майрамды уюштуруу маселелери Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өткөргөн жыйында талкууланганы, өлкө боюнча жалпысынан 40тан ашуун иш-чара пландаштырылып жатканы айтылды.

Облустарда сахналашкан оюндар, концерттер, төкмө акындардын айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, манасчылардын, дизайнерлердин жана кол өнөрчүлөрдүн фестивалы өтөт.

Марипов иш-чаралардын баары коронавируска каршы эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтүүсү тийиш экенин белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз