Воскресенье, 19 мая

Эмделди деген жасалма сертификат алгандар жазаланат

0

Эмделгиси келбеген адамдан акча алып, аны вакцина алгандардын реестрине киргизип берүүнү сунуш кылгандар пайда болгонун Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Министрлик андайларга ишенбөөгө чакырды.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавируска каршы эмделди деген жасалма сертификат жасап бергендерге карата тийиштүү органдар чара көрөөрүн кошумчалады. Эгер кармалып калышса документ жасаткан да, жасатып берген да адам жоопко тартыларын эскертти.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери бул виресту жугузгандардын саны 170 миңге чукулдады, алардын 2,5 миңдейи каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз