Понедельник, 6 мая

Өлкөнүн валюта резерви азайууда

0

Кыргызстандын эл аралык валюта резерви үчүнчү айдан бери төмөндөп жатат. Улуттук банктын маалыматына ылайык өлкөнүн алтын-валюта запасы июль айында 70 миллион долларга кыскарды. Негизи валюта запасы сомдун курсун туруктуу кармап турууга мүмкүндүк берет.

Июнь айынын аяк ченинде валюталык резерв 2 миллиард 725,1 миллион долларды түзгөн. Бирок өткөн айдын аягында 2 миллиард 655,4 миллион долларга чейин кыскарган. Азырынчы азаюунун себеби тууралуу расмий маалымат бериле элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз