Четверг, 2 мая

Өзбекстан толугу менен латын алфавитине өтөт

0

Өзбекстанда 2023-жылдан тарта бардык мекемелерде  жана расмий кат алышууларда бир гана латын алфавити колдонулат.

Өзбек өкмөтү толук латын алфавитине өтүү боюнча жол картасын бекитти. 1- августтан тарта өлкөдө латын алфавитин гана колдонууга маани берилет.

Иш кагаздарда жана бланктарда эми бир гана латын тамгаларынан турган өзбек алфавити колдонулат. 2023-жылдын январь айынан тарта бардык мекемелер менен  расмий кат алышууларда бир гана латын алфавити менен колдонулат. Өлкөдөгү бардык басма сөз органдары, электрондук медиа, кабар сайттары, басмаканалар да латын алфавитине өтөт.

Алфавитке киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин Өзбекстандын түрк тилдүү өлкөлөр менен болгон карым-катнашы жаңы деңгээлге чыгаары күтүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз